“Сарай-Сай” кенинен 1100 тоннадан ашык алтын рудасы мыйзамсыз ташылган
- 10 месяцев мурун
Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы “Сарай-Сай” кенинен 1100 тоннадан ашык алтын рудасын мыйзамсыз ташып чыгуу фактысы аныкталды.
Бул тууралуу 1-июлда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.
Аталган факт боюнча кылмыш изи козголуп, 25-июнда УКМК тарабынан үч кииш- М.Д.З, М.А.Б. жана Ч.И.Б. кармалган.
Алар мыйзамсыз ташылган 1100 тоннадан ашык алтын рудасын жасалма документтер менен Кара-Балта тоо-кен комбинатына кийин сатуу максатында ташып келишкен.
“Кармалгандар жасаган кылмыштарын мойнуна алып, 2024-жылдын 27-июнунда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен кармалгандардын экөө УКМКнын тергөө абагына киргизилген”,- деп айтылат маалыматта.
Кармалган үчүнчү жарандын бөгөт чарасы тууралуу маалымат берилген эмес. Ошондой эле, кылмышка тиешеси болушу мүмкүн делген башка адамдарды аныктоо иши башталганы айтылды.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан