“Сапат” түзүүчүлөрдүн алмашканына байланыштуу юридикалык, укуктук маселелер эске алынарына үмүттөнөт

  • 3 месяца мурун

Кыргызстандагы “Сапат” эл аралык билим берүү мекемеси түзүүчүлөр курамынын алмашкандыгына байланыштуу, бардык маселелер эске алына тургандыгына үмүттөнгөнүн билдирип, маалымат таратты.

“Сапат” эл аралык билим берүү мекемесинин түзүүчүлөрүнүн курамынын алмашып, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги, “Маариф Улусларарасы Егитим Курумлары” акционердик коому менен Түркиянын “Маариф” фондуна катталгандыгы тууралуу маалыматты юстиция министрлигинин сайтынан көрдүк.  “Сапаттын” он миңдеген окуучулары менен студенттери, алардын ата-энелери, мугалимдери жана техникалык кызматкерлери үчүн бул чечим күтүүсүз болду. Бул чечимди кабыл алып жатканда, бардык юридикалык, укуктук маселелердин эске алынгандыгына үмүттөнөбүз” деп айтылат билдирүүдө.

“Сапат” эл аралык билим берүү мекемеси Кыргыз Республикасы эгемендүү мамлекет болгон күндөн бери, эл аралык стандарттарда окутуу жүргүзгөн алгачкы билим берүү мекеме болуп саналат. Билим берүүнүн жогорку сапатын ЖРТде жана эл аралык аренадагы билим таймаштарында көрсөтүп келет.

2023-2024-окуу жылында “Сапаттын” окуучулары өлкөбүзгө биринчи даражадагы дүйнөлүк олимпиадаларда 3 күмүш, 5 коло медаль алып келген. Ал эми ЖРТ сынагында 13 Алтын сертификатка ээ болушкан.

Кыргызстандагы “Сапат” лицейлери Түркиянын “Маариф” фондуна өттү. Бул тууралуу Кыргызстандын юстиция министрлигинин сайтындагы маалымдалды.  

 Эдил Байсалов “Сапат” билим берүү мекемелер тармагын “Маариф” фондунун башкаруусуна өткөрүү чечимин билдирди. Бул чечим республиканын студенттеринин таламдарын жана билим берүү тармагындагы ишенимдүү өнөктөш катары фонддун татыктуу аброюн камсыз кылуу менен негизделет.

 “Сапат” тармагын башкарууну өткөрүп берүү студенттердин жана алардын ата-энелеринин кызыкчылыктарына жооп берип, алардын билим алуу шарттарын жана ар тараптуу өнүгүү перспективаларын бир топ жакшыртаарына ишенебиз. Жаңы башкарууга өтүү процесси мыйзам чегинде, эмгек жамааттарынын укуктарын коргоо жана окуу процессинин үзгүлтүксүздүгүн кепилдөө менен так жүргүзүлүшү маанилүү” деп белгиледи Байсалов.

Өкүлчүлүктүн директору Хүснү Биржан «Маариф» фонду жакынкы айларда Кыргызстандын билим берүү инфраструктурасын өнүктүрүүгө ири инвестицияларды тартууну көздөп жатканын ырастады.

Мектептердин тармагын кеңейтүү, заманбап технологияларды жана окутуу программаларын киргизүү, ошондой эле окуучулар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүү пландаштырылганы айтылды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты