12 жылдык билим берүүгө өтүүнүн экинчи этабы башталат

Жаңы окуу жылынын негизги өзгөрүүлөрүнүн бири 12 жылдык мектеп билим берүүсүнө өтүүнүн экинчи этабын ишке ашыруу болот.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов 20-авугстта өткөргөн өлкөнүн билим берүү мекемелеринин жаңы окуу жылына даярдыгы маселелери боюнча жыйында айтылды.  

Быйыл 3-класстын жана 8-класстын окуучулары жаңы окуу программалары жана окуу-методикалык комплекстер боюнча окууну башташат.

Маматканов жаңы окуу жылында республиканын мектептеринде 1 млн 586 миңден ашык бала билим алаарын белгиледи.

Жыйындын жыйынтыгы боюнча тиешелүү мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарына мектептердин жана бала бакчалардын тиешелүү даярдыгын өзгөчө көзөмөлгө алуу тапшырылды.

Агартуу министрлиги тарабынан жалпы билим берүү уюмдарында 2026–2027-окуу жылын 15-сентябрда баштоо жөнүндө чечим кабыл алынды.

Окуу жылынын башталыш мөөнөтүн өзгөртүү боюнча сунуш өлкөдө өткөрүлө турган бир катар ири эл аралык жана мамлекеттик иш-чараларга, анын ичинде Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына, Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммитине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына арналган иш-чараларга байланыштуу киргизилди.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты