«Баатыр энелердин» балдарына билим алууда жеңилдик берилет

  • 3 недели мурун

«Баатыр эне» ордени менен сыйланган энелердин балдарына мамлекеттик билим берүүдө жеңилдик берилет.

Бүгүн, 23-апрелде, Жогорку Кеңештин жыйынында «Баатыр эне» ордени менен сыйланган энелердин балдарына мамлекеттик билим берүүдөгү жеңилдиктерди берүү жөнүндө» Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору каралып, кабыл алынды.

Демилгечилер – депутаттар Медер Чотонов, Исманали Жороев, Бахридин Шабазов, Нуржамал Төрөбекова, Жылдыз Эгенбердиева, Гүлнара Баатырова, Эдита Тайгараева, Болот Сагынаев, Гүлсүнкан Жунушалиева, Бактыяр Калпаев.

Аталган маселе менен демилгечилердин бири, депутат Медер Чотонов тааныштырды.

Бурун Аманова бул сыйлык менен сыйланган аялдардын санына кызыгып, жогорку окуу жайларында билим алып жаткан балдарга байланышкан маселелерди тактады.

Медер Чотонов бүгүнкү күндө «Баатыр эне» ордени менен сыйланган энелердин саны 42 миңден ашканын билдирди.

Улукбек Карыбек уулу бул категориядагы энелердин балдарына мамлекеттик билим берүүдөгү жеңилдиктерди берүү маселесин тиешелүү мыйзамдарда да бекитүү керектигин кошумчалады.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты