Энергиянын калыптанма булактары боюнча изилдөө жана тренинг борбору ачылды

6-апрелде Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин базасында “Энергиянын калыптанма булактары боюнча изилдөө жана тренинг борбору” ачылды.

Бул тууралуу Илим, жогорку билим жана инновациялар министрлиги билдирди.

Маалыматта айтылгандай, демилге Швейцариянын Женева шаарында жайгашкан Bulan Institute for Peace Innovations (Булан институту) жана Кыргыз мамлекеттик техникалык университети менен бирге ишке ашырылды.

Демилге жашыл энергетиканы өнүктүрүүгө жана бул багытта адистерди даярдоого багытталган маанилүү кадам болуп саналат.

Аталган борбор энергетика тармагындагы адистерди даярдоону жана алардын квалификациясын жогорулатууну камсыз кылган, илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүгө жана практикалык көндүмдөрдү өнүктүрүүгө багытталган заманбап билим берүүчү жана илимий-практикалык аянтча болуп саналат.

Ачылыш аземине Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин орун басары Бекбосун Бөрүбашов катышты.

Ал өз сөзүндө: «Кайра жаралуучу энергия булактарын өнүктүрүү — бул дүйнөлүк приоритеттүү багыт гана эмес, өлкөбүздүн туруктуу өнүгүүсүнүн маанилүү фактору болуп саналат. Жаңы борбор заманбап билимдерди калыптандыруу, инновациялык чечимдерди киргизүү жана энергетика тармагында талап кылынган жогорку квалификациялуу адистерди даярдоо үчүн натыйжалуу аянтча болот» деп белгиледи.

Ошондой эле ал илим, билим берүү жана өндүрүштүн өз ара байланышын чыңдоонун, ошондой эле жашыл энергетика тармагында эл аралык кызматташууну кеңейтүүнүн мааниси айтты.

Борбор жашыл энергетика тармагында практикалык көндүмдөрдү өнүктүрүүгө жана энергетика сектору үчүн жогорку квалификациялуу адистерди даярдоого багытталган. Ошондой эле билим берүү программаларын жана технологияларды тармактагы ыкчам өзгөрүүлөргө ылайыкташтыруу негизги милдеттердин бири болуп саналат.

Борбор улуттук жана эл аралык илимий-изилдөө программаларына активдүү катышып, бул багыттагы илимий иштеп чыгууларды жайылтууга салым кошот. Мындан тышкары, колдонмо чечимдерди иштеп чыгууга жана киргизүүгө, ошондой эле эл аралык уюмдар, донорлор, илимий мекемелер жана жеке сектор менен өнөктөштүктү өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулат.

Иш-чарага университеттин жетекчилиги, профессордук-окутуучулук курамы, илимий кызматкерлер жана өнөктөш уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Борбордун ачылышы Кыргыз Республикасынын энергетика тармагын өнүктүрүүгө, экологиялык жактан таза технологияларды илгерилетүүгө жана атаандаштыкка жөндөмдүү адистерди даярдоого олуттуу салым кошот.

Борбордун капиталдык ремонту жана жабдуулары, ошондой эле учурда жүргүзүлүп жаткан кайра жаралуучу энергия булактары боюнча окутуулар Bulan Institute for Peace Innovations (Булан институту) тарабынан каржыланууда.

Булан институтунун директору Чолпон Орозобекова белгилегендей, борбордун негизги максаты — Кыргызстанда жашыл энергетиканын ыкчам өнүгүүсүнө салым кошуу, заманбап адистерди даярдоо жана илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү болуп саналат.

Энергиянын калыптанма булактары боюнча изилдөө жана тренинг борбору ачылды
Энергиянын калыптанма булактары боюнча изилдөө жана тренинг борбору ачылды
Энергиянын калыптанма булактары боюнча изилдөө жана тренинг борбору ачылды

Сүрөттөр: Илим министрлиги

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты