Санкт-Петербургда КМШнын бейформал жолугушуусу өттү

  • 2 года мурун

Бүгүн, 28-декабрда, Санкт-Петербург шаарында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештиги катышуучу-мамлекеттер башчыларынын салттуу бейформал жолугушуусу болуп өттү.

Иш-чараны демилгелеген Россиянын Президенти Владимир Путин өткөн жылдар КМШ өлкөлөр ортосундагы интеграция ар кандай багытта тереңдеп баратканын белгиледи.

Керектөөчүлөрдүн укуктарын жана адамдын бакубаттуулугу чөйрөсүн коргоо боюнча Федералдык кызматтын жетекчиси- Россиянын мамлекеттик башкы санитардык дарыгери Анна Попова КМШ чөлкөмүндө биологиялык коопсуздук жөнүндө баяндама жасады.
Өлкө башчылары ооруну жеңүү боюнча биргелешкен иш-чаралар тууралуу пикир алмашып, өз ой-пикирлерин жана сунуштарын айтышты.

Жолугушууга КМШ катышуучу-мамлекеттер башчыларынан сырткары Каразкстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаев да катышты.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты