Санкциялар орус компанияларынын 86 пайызына таасирин тийгизди

  • 2 года мурун

Орусияга каршы киргизилген санкциялар орусиялык компаниялардын дээрлик 87 пайызына таасирин тийгизди. Алардын көбү жаңы шарттарга ылайыкташты же жакын арада адаптация болоруна ишенүүдө.

Бирок алардын 12 пайызы кыйынчылыкты жеңе алган жок жана толугу менен же жарым жартылай бизнесин токтотууга мажбур болду.

Бул тууралуу Борис Титовдун ишкерлердин укугун коргоо боюнча аппараты жүргүзгөн мониторингде айтылат.

Документке караганда, сурамжылоого алынгандардын он жарым пайызы гана алардын бизнеси мурдагыдай эле туруктуу экенин жана өнүгүп жатканын билдирген. Үчтөн эки бөлүгү экономикалык каатчылыктын кесепеттерин сезип жатышканын айтышкан.

Респонденттердин 62 пайызы бизнеске таасирин тийгизген көйгөйлөр катары суроо-талаптын төмөндөп кеткенин, каражаттын тартыштыгын, жеткирүү чынжырчасынын үзүлгөнүн жана импорттук товарларды алып келүүдөгү кыйынчылыктарды аташкан.

Ошол эле маалда ишкерлер өкмөттүн бизнести колдоо боюнча аракеттерин жетишсиз деп эсептешет.

24-февралда Украина кол салууга кабылгандан кийин Батыш өлкөлөрү Орусияга болуп көрбөгөндөй санкцияларды киргизген. Экономиканын бүтүндөй бир сектору, Борбордук банктын активдери, ири орус банктары жана ишканалары чектөөлөргө кабылган.

Көптөгөн экономисттер эл аралык каржы рыногуна кирүүдөгү чектөөлөр жана Орусиядан жүздөгөн батыш компанияларынын чыгып кетиши жогорку инфляция жана жумушсуздуктун көбөйүшү менен коштолорун божомолдошууда.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты