АКШ, Канада, Улуу Британия жана Евробиримдик Путин менен Лавровго санкция салды

  • 2 года мурун

АКШ менен Канада Орусиянын президенти Владимир Путинге жана тышкы иштер министри Сергей Лавровго санкция салуу чечимин чыгарды.

Вашингтондун мындай чечимин Ак үйдүн басма сөз катчысы Жен Псаки 25-февралда жарыялап, санкциянын алкагында Путин менен Лавровдун чет өлкөлөргө сапарларына чектөө коюларын ишарат кылды. Санкциянын чоо-жайы жакынкы сааттарда белгилүү болмокчу.

Канада Путин менен Лавровго санкция салганын өлкөнүн премьер-министри Жастин Трюдо жарыялап, расмий Оттава Орусияны SWIFT аттуу банктар арасындагы акча которууну камсыз кылган глобалдык системадан ажыратуу демилгесин да колдой турганын айтты.

25-февралда Брюсселде Европа Биримдигине (ЕБ) мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлери Орусиянын мамлекет башчысы менен башкы дипломатынын активдерин камакка алууну макулдашты.

Ошол эле күнү Улуу Британия Путин менен Лавровду «кара тизмеге» киргизгенин жарыялады.

Орусия 24-февралда Донбасста «атайын аскердик операция уюштуруу» деген жүйө менен Украинага чабуул койгон. Андан бери орус армиясы Украинанын бардык аймактарында аткылоосун жана бомбалоосун улантууда.

Москва Украинадагы “демилитаризацияны” токтотууну көздөрүн, Киевдин НАТОго мүчө болушуна каршы экенин билдирип жатат. Украин бийлиги Орусиянын кол салышын ачык эле согуш деп мүнөздөөдө.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты