Санариптештирүү — улуттук статкомитеттин маанилүү маселеси. Президенттин куттуктоосу

  • 12 месяцев мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 30-апрелде, мамлекеттик статистиканын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

— Улуттук статистика комитетинин санариптештирүүгө байланышкан ишмердиги биринчи кезектеги маанилүү маселелерден деп айтууга болот. Анткени санариптик трансформация маалыматтарды чогултууга, иштеп чыгууга жана аларды талдоо иштерин ыкчамдатууга жана жакшыртууга өбөлгө болуп, статистикалык маалыматтардын тактыгын жана ишенимдүүлүгүн арттырат, кабыл алынган чечимдердин сапатын жана натыйжалуулугун жогорулатат. Ошондой эле мамлекеттик органдардын ортосундагы өз ара байланышты жеңилдетет.

Урматтуу статистика органдарынын кызматкерлери!

Мамлекеттик башкаруунун маанилүү бир бөлүгү болуп саналган статистиканын негизинде тармактарды өнүктүрүү саясаты иштелип чыгат, келечектеги тенденциялар болжолдонот. Ошондуктан сиздердин ишмердүүлүгүңүздөр жогорку квалификацияны, жоопкерчиликти, өз ишине берилгендикти жана улам өркүндөп турууга умтулууну талап кылат. 

Тынымсыз мээнетиңиздер, чарчап-чаалыкпаган эмгегиңиздер үчүн чын дилимден ыраазычылык билдирем.Сиздерге бекем ден соолук, бакубат турмуш жана кесиптик ишиңиздерге ийгиликтерди каалайм!-деп айтылат куттуктоодо.  

Сүрөт: www.stat.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты