Самидин Атабаев Ош шаарынын мусулмандарынын казысы болуп дайындалды

  • 1 год мурун

Самидин Атабаев Ош шаарынын мусулмандарынын казысы болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка муфтий Абдулазиз кары Закиров кол койду.

Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы маалымдады.

Атабаев Самидин  1973-жылдын 27-декабрында Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Комсомол айылында жарык дүйнөгө келген. 1981-жылы Өзгөн районуна караштуу «Комсомол» орто мектебине кабыл алынып, 1991-жылы бүткөн. 1991-1995-жылдары Бишкек шаарында жайгашкан Азирети Умар атындагы Кыргызстан ислам институтун ийгиликтүү аяктаган.

1995-1996-жылдары Бишкек шаарында аскердик кызматын өтөгөн. 2002-2006-жылдары Казань шаарындагы Россия Ислам университетин аяктаган. Мындан сырткары, 2016-жылы Ош мамлекеттик юридикалык институтун бүтүп, юриспруденция адистигине ээ болгон. Ошондой эле 2020-жылы Улуттук Илимдер академиясынын Түштүк бөлүмүнүн нуманитардык жана аймактык изилдөөлөр институтуна тапшырып, учурда аталган институттун аспирант.

Эмгек жолун 2006-жылы Өзгөн районундагы Абдираим кары медресесинде окуу бөлүмүнүн башчысы кызматын аркалоодон баштаган. 2008-2010-жылдары Өзгөн районундагы Имам аль-Бухарий ислам институтунун окуу иштери боюнча проректору, 2010-2015-жылдары Өзгөн районунун баш имам-хатиби болуп эмгектенген. 2015-жылдын 28-августунда Ош облусунун мусулмандарынын казысы болуп дайындалган.

2021-жылдын июлунда Бишкек шаардык мусулмандарынын казысы, 2022-жылдын март айында Кыргызстан мусулмандарынын  муфтийинин орун басары, 2024-жылдын 23-майында Ысык-Көл облусунун мусулмандарынын казысы болуп дайындалган.

Үй-бүлөлүү: эки уул, төрт кыздын атасы.

Жакында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан Ош шаардык казыятынын жооптуу кызматкерлери кармалганы кабарланган. Кармалгандардын арасында Ош шаарынын мурдагы казысы да болгон.

Маалыматта айтылгандай, Ош шаардык казыятынын кызматкерлери Ош шаарынын аймагында жайгашкан мечит, медреселердин кызматкерлеринен системалуу түрдө акча каражаттарын мыйзамсыз чогултуп келген.

Бул фактылар боюнча жергиликтүү мечиттер жана медреселердин ишкерлери тарабынан УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгына арыз түшкөн. Анын негизинде Ош шаардык казыятынын кызматкерлерине карата кылмыш-жаза кодексинин 209- беренесинин 2 жана 4-пункттары боюнча кылмыш иши козголгон.

«Козголгон кылмыш ишинин алкагында, Ош шаардык сотунан тинтүү жүргүзүүгө уруксат алынып, Ош шаардык казыятынын “Т.М.Б”, “М.Ж.М”, “Д.Б.Х.” жана “С.А.К” аттуу кызматкерлеринин үйүндө жана Ош шаардык казыятындагы иш бөлмөлөрүндө тинтүү иштери жүргүзүлдү. Анда чогултуу боюнча фактылар аныкталып, “Т.М.Б”, “М.Ж.М”, соттун бөгөт коюу чарасы тандалганга чейин КР УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тиешелүү тергөө иш амалдары жүргүзүлүүдө» деп айтылат маалыматта.

Андан кийин сот тарабынан Ош шаарынын казыят кызматкерлери үй камагына чыгарылганы айтылган.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты