Ош шаарынын казысы жана казыят кызматкерлери кармалды

  • 3 недели мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан Ош шаардык казыятынын жооптуу кызматкерлери кармалды.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, Ош шаардык казыятынын кызматкерлери Ош шаарынын аймагында жайгашкан мечит, медреселердин кызматкерлеринен системалуу түрдө акча каражаттарын мыйзамсыз чогултуп келген.

Бул фактылар боюнча жергиликтүү мечиттер жана медреселердин ишкерлери тарабынан УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгына арыз түшкөн. Анын негизинде Ош шаардык казыятынын кызматкерлерине карата кылмыш-жаза кодексинин 209 беренесинин 2 жана 4-пункттары боюнча кылмыш иши козголгон.

«Козголгон кылмыш ишинин алкагында, Ош шаардык сотунан тинтүү жүргүзүүгө уруксат алынып, Ош шаардык казыятынын “Т.М.Б”, “М.Ж.М”, “Д.Б.Х.” жана “С.А.К” аттуу кызматкерлеринин үйүндө жана Ош шаардык казыятындагы иш бөлмөлөрүндө тинтүү иштери жүргүзүлдү. Анда чогултуу боюнча фактылар аныкталып, “Т.М.Б”, “М.Ж.М”, соттун бөгөт коюу чарасы тандалганга чейин КР УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тиешелүү тергөө иш амалдары жүргүзүлүүдө» деп айтылат маалыматта.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

 

 

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты