Саматбек Ибраев ЖК имаратына кийин да түз кирип турууну сунуштады      

  • 3 года мурун

Бүгүн, 22-декабрда, VI чакырылыштын акыркы жыйынында депутат Саматбек Ибраев бул чакырылыштагы депутаттардын кийин да Ак үй имаратына түз кирип-чыгып турушу боюнча сунуш келтирди.  

Депутаттар Жогорку Кеңеште абдан чоң эмгек кылышты. Мындайча айтканда, өзүнүн өмүрүнүн бир бөлүгүн ушул имаратка  калтырып кетти. Ошондуктан бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында токтом менен кабыл алып койсок. Биздин кесиптештер келген депутаттарга жардам берет, жаш муундардын өсүшүнө да салым кошот деп ойлойм. Ошондуктан Жогорку Кеңештин имаратына өзүнүн 6-чакырылыштагы күбөлүгү менен кирип-чыгууга уруксат берүүнү сунуштайт элем», — деди Ибраев.

Бул сунуш колдоо тапкан жок. Төраганын милдетин аткарып жаткан вице-спикер Аида Касымалиева  депутаттык мөөнөтү аяктагандан кийин  регламент боюнча белгиленген тартипте Ак үйгө кире алышарын айтты.

Бүгүн, 22-декабрда. парламенттин алтынчы чакырылышынын акыркы жыйыны өтүүдө.

 

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты