Саматбек Ибраев сунуштаган финтех боюнча мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду

  • 2 года мурун

Жогорку Кеңештин депутаты Саматбек Ибраев “Финтехти өнүктүрүү жөнүндө” мыйзам долбоорун кайрадан парламентке алып чыкты. Документ 17-ноябрда Жогорку Кеңештин сайтына коомдук талкууга коюлду.

Депутат финтехти өнүктүрүүнү Улуттук банкка жүктөөнү сунуштоодо. Документте «финансылык технологиялар» (финтех) — финансы чөйрөсүндө технологияларды жана инновацияларды пайдаланган компаниялардан турган тармак деп белгиленет. Ага технологиялык стартаптар да, жаңы технологиялык чечимдердин негизинде көрсөтүлүүчү финансылык кызматтарды жакшыртып жана оптималдаштырып турган ири уюмдар да кирет.

Буга чейин Саматбек Ибраев “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштаган. Бул демилгеге Кыргызстанда финансылык технологиялар концепциясын киргизүү да камтылган. Ага ылайык, компаниялар же жеке жактар банктын катышуусуз тиркеме аркылуу акча которуп, жарандарга эсеп ачып, аларды тейлеп, насыя бере алышат.

Ибраевдин мыйзам долбоору парламентте чоң талкуу жараткан. Улуттук банк менен өкмөт терс корутунду менен чыгып, биринчи окууда четке кагылган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты