Жогорку Кеңеш Саматбек Ибраев сунуштаган Финтех боюнча мыйзам долбоорун четке какты

  • 3 года мурун

Жогорку Кеңеш Финансылык технологиялар же кыскартып айтканда Финтех аттуу түшүнүктү киргизүүнү сунуштаган мыйзам долбоорун четке какты.

Мындай чечим бүгүн, 5-октябрда парламенттин экономика жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында кабыл алынды.

Комитеттин жыйынына мыйзам долбоорунун автору Саматбек Ибраев катышкан эмес, бирок депутаттар маселени кароону уланткан. Добуш берүүдө жыйынга катышкан депутаттардын дээрлик бардыгы «каршы» добуш беришкен.

Ошондой эле Улуттук банк менен Экономика жана финансы министрлиги дагы мыйзам долбооруна каршы пикирин билдирген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты