Салык кызматынын жана транспорт министрлигинин кызматкерлери кармалды
- 1 год мурун
Улутттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) «толкачтар» деп аталган жосунсуз ишкердик субъектилери салык кызматынын жана транспорт министрлигинин кызмат адамдары менен жең учунан сүйлошүп алышып, ЕАЭБге катышуучу өлкөлөрдөн ташылып келинген контрабандалык товарларды легалдаштыруу боюнча мыйзамсыз канал уюштургандыгы аныкталганын кабарлады.
“2025-жылдын 28-мартында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын финансы министрлигине караштуу мамлекеттик салык кызматынын кызмат адамдары «А.Т.», «К.А.», «Н.Б.», «А.А.» жана Кыргыз Республикасынын жарандары «А.Ч.» (КР Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин кызматкери), «А.Б.» кармалып, Бишкек шаарынын Октябрь сотунун чечими менен Бишкек шаарындагы №1 ТКЖга киргизилген” деп айтылат УКМК басма сөз кызматынын маалыматында.
Маалыматтарга ылайык, аталган топ КР аймагына импорттолгон, кымбат баалуу экзотикалык жемиштерди (памела, манго, маракуя, көк карагат, апельсин) каттоо учурунда – тиешелүү документтерин жасалмалап, товардык аттарын өзгөртүп жөнөкөй алма катары көрсөтүшкөндүгү белгиленди.
Ошондой эле Чүй облусунда жайгашкан «Ак-Тилек» көзөмөл өткөрүү жайынын ЕАЭБ товарларын эсепке алуунун чек ара жанындагы пункттары аркылуу товарлардын көлөмүн төмөндөтүү менен алектенишкен. Андан соң, алар өздөрүнүн аракеттерин мыйзамдуу деп көрсөтүү максатында салык кызматынын жана транспорт министрлигинин кызматкерлери менен бирге жүк түшүрүүчү жайга барышып, товарлардын импорттук документтерге туура келүүсүн текшерүү үчүн жасалма текшерүү протоколдорун колдонушкан.
Бул аракеттери менен мамлекеттик кызмат адамдары акчалай сый акыларын алып, андан соң контрабандалык товарларды легалдаштыруу үчүн аныктыгын текшерүү боюнча тиешелүү актыларды түзүшкөн.
Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы




