Салык кызматынын мурдагы бөлүм башчысы кармалды
- 1 месяц мурун
Мамлекеттик салык кызматынын мониторинг жана маалыматтык системаларды камсыз кылуу бөлүмүнүн мурдагы башчысы С.К.А. тарабынан системалуу түрдө пара алуу фактысы аныкталды.
Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы маалымдады.
Маалыматта айтылгандай, С.К.А. кызмат абалынан пайдаланып, Кыргызстан менен Казакстандын чек арасында иштеген товарларды эсепке алуу пункттары аркылуу тоскоолдуксуз өткөнү үчүн күн карама майын импорттоочулардан акча каражаттарын мыйзамсыз чогултуу боюнча туруктуу коррупциялык схеманы уюштурганы аныкталды.
Тоскоолдуксуз импортту колдоо үчүн С.К.А., ЖЧКнын биринин жооптуу адамдарынан 20 миң АКШ доллары суммасында жана 1 млн. сомго жакын акча каражаттарын алган.
2025-жылдын 29-апрелинде жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында
Мамлекеттик салык кызматынын мониторинг жана маалыматтык системаларды камсыз кылуу бөлүмүнүн мурдагы башчысы С.К.А. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы