Салык кызматынын лотереясынын катышуучуларынын саны 100 миңден ашты

  • 2 года мурун

Салык кызматынын «Чек талап кылып, байге утуп ал!» лотереясына катышуучулардын саны 100 миңден ашты.

Бул тууралуу Салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

«Салык чек» тиркемесин жүктөгөн жүз миңинчи колдонуучу Бишкек шаарынын тургуну болду.

Бүгүнкү күнгө  чейин лотереянын катышуучулары 6,7 млрд сомдон ашуун суммадагы кассалык чектерди сканерден өткөрүшүп, 6,6 млндон ашык лотереялык ID-белеттерин алышты.

Лотереянын негизги милдети – жарандарды товар же кызматтарды сатып алууда кассалык чек талап кылууга кызыктыруу.

Лотереянын экинчи утушу 2022-жылдын 1-октябрында өтөт. Бул күнү бизнес-өнөктөштөрдүн колдоосу менен 1 автоунаа, 11 iPhone, 10 смартфон жана башка баалуу байгелер ойнотулат.

Мамлекеттик салык кызматы 2022-жылдын 10-майынан тартып «Чек талап кылып, байге утуп ал!»лотореясын өткөрүүдө.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты