Чек талап кылып, белек ут! Лотерея 10-майдан башталат  

“Чек талап кылып, белек утуп ал!” лотереясы 10-майдан башталат.

Бул тууралуу салык кызматы билдирди.

Салык кызматы бардык жарандарды лотереяга активдүү катышууга чакырды. Ага катышуу баалуу белек утуп алууга мүмкүнчүлүк түзөрү айтылды.  

Анда автомашина, iPhone, баалуу белектер, ал эми супербайгеге Бишкектен квартира ойнотулат.

Маалыматта айтылгандай, лотереяга катышуу үчүн ”Салык чек” тиркемесин жүктөп, ага жазылуу талап кылынат. Соода кылган ар бир учурда ККМ аппаратынын чегин талап кылуу керек. Андан соң   касса чегинин  QR-кодун сканерлеп, мобилдик тиркемеге жүктөш керек.   

Топтолгон касса чегинин суммасы автоматтык түрдө номерлерге алмаштырылып турат. 1000 сомдук чекке бир уникалдуу  ID ыйгарылат.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты