11-февралдан тартып товар ташууда навигациялык пломбалар киргизилет

  • 4 недели мурун

Мамлекеттик салык кызматы 2026-жылдын 11-февралынан тартып Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин аймагында навигациялык пломбаларды колдонуу менен товарларды ташууда милдеттүү түрдө көзөмөлдөө киргизилип жатканын эскертти.

Маалыматта навигациялык пломбалар этап-этабы менен колдонулары айтылат.

Биринчи этапта алкогоолдук продукцияларды, тамекеи жана тамеки буюмдарын,  ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдө атайын экономикалык чаралар колдонулган товарларды автомобиль жана темир жол транспорту менен ташууда милдеттүү болот:

Кыргыз Республикасынын аймагында навигациялык пломбалар автомобилдик ташууларда — Мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак участогундагы өткөрмө пункттарына жакын жайгашкан товарларды эсепке алуу пункттарында (Чалдыбар, Ак-Жол, Ак-Тилек, Чоң-Капка, Каркыра); темир жол аркылуу ташууларда — Бишкек-1, Аламүдүн, Рыбачье, Кара-Балта, Кайыңды, Беловодская, Шопоков, Кант жана Токмок станцияларында вагондорду жүктөө учурунда орнотулат.

Навигациялык пломбаларды алып салуу автомобилдик ташууларда — товарды алуучунун аймагында; темир жол аркылуу ташууда — көрсөтүлгөн станцияларда вагондорду түшүрүүдө жүргүзүлөт.

Ташуучулар, жөнөтүүчүлөр же экспедиторлор пломба орнотулуучу жерге келерден кеминде 6 саат мурда Салык кызматына төмөнкү электрондук почта аркылуу керектүү маалыматтарды жөнөтүүгө милдеттүү: [email protected].

Навигациялык пломбага жүктөлүүгө тийиш болгон маалыматтардын тизмеси, ошондой эле Тышкы экономикалык ишмердүүлүккө катышуучулардын Салык кызматы жана улуттук оператор менен өз ара аракеттенүү тартиби Салык кызматынын sti.gov.kg расмий сайтындагы «Билимдер базасы» бөлүмүндө, «ЕАЭБдин алкагындагы навигациялык пломбалар» бөлүмүндө жайгаштырылган.

Кызмат көрсөтүүлөрдүн акысы жана тарифтер тууралуу суроолор боюнча улуттук оператор — «Мамлекеттик Бажы инфраструктурасы» ачык акционердик коомуна анын gti.kg расмий сайтында көрсөтүлгөн байланыш номерлери аркылуу кайрылууга болот.

Жаңы талаптар Евразия экономикалык комиссиясынын чечимине жана ЕАЭБдин навигациялык пломбаларды колдонуу жөнүндө макулдашуусуна ылайык киргизилүүдө.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты