Салык кызматынын Ленин районунун башкармалыгынын башчысы кармалды
- 10 месяцев мурун
- Видео
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан Бишкек шаарынын Ленин району боюнча салык кызматынын жооптуу кызмат адамдары тарабынан системалуу түрдө пара алууга шектелип кармалды.
Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, алар жеке ишкерлер менен жең ичинен кылмыштуу келишимге кирип, мамлекеттик милдеттүү салык төлөмдөрүнөн качууга мүмкүндүк берүүчү коррупциялык механизмдерин иштеп чыгышкан.
343-берененин 1-бөлүгү (Опузалап пара алуу) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, Мамлекеттик салык кызматынын Бишкек шаарынын Ленин району боюнча башкармалыгынын башчысы А.Т.Т.га акча каражаттарын өткөрүп берүүнүн бир топ фактылары аныкталган.
Мындан тышкары салык төлөөчүлөрдү текшерүү бөлүмүнүн башкы инспектору Ж.Д.нын берген көрсөтмөсүнө ылайык A.T.T. тарабынан мамлекеттик бюджетке салыктык чегерүүлөрдүн көлөмүн азайтып бергендиги үчүн Т. ЖЧКнын өкүлдөрүнөн 5 миң АКШ доллары өлчөмүндө пара алынган.
Жыйынтыгында А.Т.Т. кармалып, кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы




