Салык кызматынын кызматкерлери пара опузалоого шектелип, УКМКнын убактылуу жайына киргизилди

  • 10 месяцев мурун

Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинде каралган кылмыштын белгилери боюнча 2-сентябрь күн  мамлекеттик салык кызматынын Бишкек шаарынын Ленин району боюнча башкармалыгынын бөлүм башчысы Т.У.Х. жана бөлүмдүн башкы инспектору О.У.Ж. 50 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалды.

Аталган кызмат адамдары кармалып, УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

УКМК тарабынан фискалдык жана башка органдардагы коррупцияны жоюу боюнча активдүү иш-чаралар уланууда.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты