Салык кызматынын Кара-Суу району башкармалыгынын кызматкерлери кармалды

  • 11 месяцев мурун

Мамлекеттик салык кызматынын Ош облусунун Кара-Суу району боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан системалуу түрдө пара алуу фактысын аныкталды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.

“Мамлекеттик салык кызматынын Ош облусунун Кара-Суу району боюнча башкармалыгынын башчысы А.А. жана мамлекеттик салык кызматынын Ош облусунун Кара-Суу району боюнча текшерүү бөлүмүнүн башчысы М.М.С. кызмат абалынан пайдаланып, кыска мөөнөттүн ичинде жеке ишкердик субъектилерине колдоо көрсөтүү үчүн туруктуу коррупциялык схема түзгөн. Ошондой эле кирешелерди азайтуу жана чыгашаларды көбөйтүү максатында бухгалтердик документтерди бурмалоого көмөктөшүшкөн.Ошентип, көрсөтүлгөн укукка каршы аракеттер менен мамлекеттин кызыкчылыктарына өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген” деп айтылат маалыматта.

Коррупциялык схеманын башка катышуучуларына карата мындан ары кармоо жана кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн тиешелүү тергөө-оперативдүү иш-чаралар улантылууда.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты