Салык кызматы: Контрабандалык товар унаасы менен кошо конфискацияланат

  • 2 года мурун

Тиешелүү уруксат берүүчү документтери (коштомо кагаз, ЭСФ, электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз, салыктык каттоо жөнүндө маалымкат ж.б.) жок товарларды ташып келүү фактылары аныкталган учурда, товар жана аны ташып келген транспорт каражаты конфискацияланат (тартып алынат).

Бул тууралуу салык кызматы билдирди.

Мамлекеттик салык кызматы «Президенттин 2022-жылдын 5-сентябрындагы жарлыгын ишке ашыруунун алкагында, өлкөнүн аймагына ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден эсепке алынбаган товарларды ташып келүүгө бөгөт коюу боюнча күчөтүлгөн иштерди жүргүзүүдө. Ушуга байланыштуу, Салык кызматы импорттоочу ишкерлерди товарларды ташып келүүдө Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды ташып келүү (импорттоо) боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерин так сактоого чакырат».

Сүрөттө: Конфискацяланган унаа. УКМК.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты