Салык кызматы ишкерлерге гибриддик ККМди акысыз тарата баштады

  • 1 год мурун

Мамлекеттик салык кызматы ишкерлерге жаңы муундагы 10 миң гибриддик контролдук-кассалык машиналарды (ККМ) акысыз берүүгө киришти.

Маалыматка караганда, ККМ бир катар себептерден улам кассалык аппараттарды өз алдынча сатып ала албаган ишкерлерге колдоо көрсөтүү максатында акысыз таратылууда.

Орнотулган POS-терминалы (төлөм карталарын төлөөгө кабыл алуу функциясы) жана кассалык чек принтери менен бул гибриддик ККМдер субъекттин ишкердик активдүүлүгү учурунда акысыз берилет.

ККМ аппаратын алуу үчүн салык төлөөчү экономикалык иш жүргүзгөн жери боюнча аймактык салык органына арыз бериши керек.

Бүгүнкү күндө ККМди 54 миңден ашык ишкер колдонууда.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты