Айдоочулук күбөлүктү акысыз алмаштыруу мөөнөтү аяктады

  • 2 месяца мурун

Бүгүн, 31-мартта, мурда колдонуу мөөнөтү көрсөтүлбөстөн берилген айдоочулук күбөлүктү 2025-жылдын үлгүсүндөгү айдоочулук күбөлүктөргө акысыз алмаштыруу боюнча убактылуу улуттук өнөктүк аяктады.

Бул тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.   

Бул иш-чара айдоочулук курамды эсепке алуу жана каттоо системасын тартипке келтирүү максатында ишке ашырылды.

Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбор 1-апрелден 31-декабрына чейин мурда колдонуу мөөнөтү көрсөтүлбөстөн берилген айдоочулук күбөлүктү медициналык күбөлөндүрүүдөн өткөндүгүн ырастоочу документти бербестен, белгиленген тартипте алмаштырат.

1-апрелден тартып күбөлүктү алмаштыруу акысы 1 389 сомду түзөт. Жарандар бул документти 083 формасындагы медициналык маалымкатсыз 31-декабрга чейин алмаштыра алышат.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты