Салык кызматы ишкерлер контролдук кассалык машинаны колдонууга милдеттүү экенин билдирди

  • 2 года мурун

Мамлекеттик салык кызматы «Таатан» соода борборундагы соодагерлердин ККМ (контролдук кассалык машинаны) колдонууга каршы митингге чыкканы боюнча билдирүү таратты.

Мекеме “Таатандагы” ишкерлер 2021-жылдын 1-июлунан тартып, ал эми 20 чарчы метрге чейин аянты бар соода түйүндөрү 2022-жылдын 1-апрелинен тартып жаңы стандарттарга жооп берген ККМ колдонууга милдеттүү экенин билдирет.

Маалыматка ылайык, “Таатан” соода борборунда 208 ишкердик субъект болсо, 23-декабрга карата ал ишкерлердин 45% ашыгы контролдук кассалык машиналарды колдонуп жатат.

“Митингге чыккан соодагерлер жеке кызыкчылыгын коомдун кызыкчылыгынан жогору коюп, атайылап коомду үгүттөп, адаштыруу аракетин кылып жатканы айдан ачык. Контролдук кассалык машинаны орнотуу жана колдонуу мезгилдин талабына жана өлкөнүн бүтүндөй калкынын жана мамлекеттин кызыкчылыгына жооп берет”, — деп айтылат маалыматта.

Салык кызматы учурда контролдук кассалык машиналардын аппараттык жана программалык эки түрү колдонулуп жатканын билдирет. Программалык түрүн колдоном деген ишкерлерге контролдук кассалык машинанын программасы бекер орнотулуп берилет, ишкер болгону чек чыгаруучу принтерди гана сатып алышы керек.

22-декабрда Бишкек шаарындагы «Таатан» соода борборунун соодагерлери жаңы Салык кодексине каршы митингге чыгышкан.

Соодагерлер ККМдин коюлушуна каршы. Салык кызматынын инспекторлору контролдук-кассалык машиналарды колдонбогону үчүн айыппул салып жатканын айтып, мурдагыдай эле патент ыкмасы менен иштөөнү талап кылышууда.

Кыргызстанда 2022-жылдан тартып жаңы Салык кодекси ишке киргени турат. Министрлер кабинети көмүскө экономиканы ачыкка чыгарып, бюджетке түшкөн салык, бажы төлөмдөрүн көбөйтүү максатын коюп жатат.

Президент Садыр Жапаров 6-декабрда «Чакан ишкердик субъектилерин колдоо, жагымдуу салык жана бажы климатын түзүү жөнүндө» жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, жылдык жүгүртүүсү 8 млн. сомго чейин болгон ишкерлик субъектилерди салыктан бошотуу каралган. Бирок алар онлайн кассалык аппараттарды милдеттүү түрдө колдонушу керек.

Кыргызстанда көмүскө экономиканын үлүшү 30-40% экени айтылып келет.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты