Президент ишкерлер менен ККМ маселеси боюнча жолугушуу өткөрдү  

  • 2 месяца мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 6-июнда, ишкерлер менен контролдук-кассалык машиналарды, электрондук коштомо кагаздарды, электрондук эсеп-фактураларды киргизүү жана колдонуу маселелери боюнча жолугушуу өткөрдү.

Бул тууралуу президенттин сайтында маалымдалды.

Маалыматта айтылгандай, президент буга чейин тиешелүү мамлекеттик органдарга салык төлөөдөн качуу мүмкүнчүлүктөрүн азайтуу, ишкерлик процесстердин ачык-айкындуулугун жогорулатуу жана салык чогултууну көбөйтүү боюнча тапшырмалар берилгенин эске салды.

Ошондой эле Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров салыктык башкаруу тутумун модернизациялоо, коррупцияга каршы күрөшүү, ачык-айкындуулукту жакшыртуу жана салык мыйзамдарын сактоо боюнча иштер жүргүзүлүп жатканын айтып берди.

Ишкерлик коомчулуктун өкүлдөрү жүргүзүлүп жаткан салык реформасына колдоо билдиришип, соода ишмердүүлүгү менен алектенген жарандар көзөмөл-кассалык машиналарды колдонууга даярдыгын маалымдашты.

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов электрондук коштомо кагаздарды колдонбоо үчүн айып пул салуу 2025-жылдын 1-январына чейин токтотулганын баса белгиледи.

Сүрөт: gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты