“Дордой Моторс” базарында иштегендер нааразылык акциясына чыгышты

  • 2 месяца мурун

Бишкектеги “Дордой Моторс” базарында соода кылгандар электрондук коштомо кагаз (ЭТТК) жана электрондук эсеп-фактура (ЭЭФ) колдонууга каршы нааразылык акцияга чыгышты.

Алар көзөмөл-кассалык машиналарды (ККМ) колдонууга каршы эмес. Бирок электрондук коштомо кагаз, электрондук эсеп фактура үчүн кошумча чыгым талап кылынаарын, бухгалтерди кызматка алуу керек экенин айтып чыгышты.   

Нааразылык билдирип чыккандарга базардын директору Эркин Салымбеков маселе чечилгиче сооданы токтотуп турууну сунуштады.

Каршылык акциясына “Дордой моторс” базарынын 380 ишкери чыгышты.  

Президент Садыр Жапаров 6-июнда ишкерлер менен контролдук-кассалык машиналарды, электрондук коштомо кагаздарды, электрондук эсеп-фактураларды киргизүү жана колдонуу маселелери боюнча жолугушуу өткөргөн.

Ишкерлик коомчулуктун өкүлдөрү жүргүзүлүп жаткан салык реформасына колдоо билдиришип, соода ишмердүүлүгү менен алектенген жарандар көзөмөл-кассалык машиналарды колдонууга даярдыгын маалымдашты.

Жыйында электрондук товардык коштомо кагазды колдонбогондорго айып пул салуу 2025-жылдын 1-январына чейин токтотулганы белгилүү болгон.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты