Салык кызматы: 8 айда 99,9 млрд сом салык жыйналды
- 2 года мурун
2022-жылдын январь-август айларында мамлекеттик салык кызматы мамлекеттик бюджетке 99 млрд 961,4 млн сом салык жана төлөмдөрдү жыйнады.
Бул тууралуу Салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Белгиленген план 1 млрд 445,5 млн сомго ашыгы менен чогултулуп аткаруу 101,5 % аткарылганы маалымдалды.
2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу салыктар 33 млрд 829,4 млн сомго көп жыйналган же өсүү ыргагы 151,2 %ды түздү.
2021-жылдын январь-августуна салыштырмалуу келип түшүүлөрдүн эң чоң өсүшү пайда салыгы (өсүү ыргагы 162,2%), киреше салыгы (133,1%), кошумча нарк салыгы (123,7%), Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн жана сатылган товарларга акциз салыгы (149,8%), сатуу салыгы (126,3%), жер казынасы үчүн салыктар жана чегерүүлөр (129,3%), бирдиктүү салык (516,3%) боюнча белгиленди.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.