Салык кызматкерлери Кара-Суу базарында соодагерлерден акча доолаганга шектелип кармалды

  • 4 месяца мурун

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Кара-Суу базарынын соодагерлеринен мыйзамсыз акча талап кылгандыгы үчүн кармалды.

Бул  тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 15-декабрда ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында Кара-Суу районунун базарларын көзөмөлдөгөн төрт салык инспектору Т.А., Э.А., У.Б. жана А.А. кармалган.

Кара-Суу районунун базарларында ишкерлерден акча өндүрүү мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери тарабынан штаттык эмес кызматкерлерди колдонуу аркылуу жасалып турган.

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери ишкерлерди патент жана башка салык төлөмдөрүн төлөөгө көмөк көрсөтөбүз деп алдоо жолу менен аларды ишендирип, иш жүзүндө алардын каражаттарын өздөрүнө ыйгарып алып турушкан.

Карамалгандар УКМК тергөө абагына киргизилди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты