Салтанат Нукенованын атасы экс-министр Бишимбаев өмүр бою соттолот деп үмүттөнүүдө

  • 2 месяца мурун

Салтанат Нукенованын атасы Амангелды Нукенов кызын өлтүрүүгө айыпталып жаткан Куандык Бишимбаев өмүр бою эркинен ажыратылат деп үмүттөнүп жатканын билдирди.

«Соттордун адилеттүүлүгүнө үмүттөнөбүз. Бишимбаев өмүр бою соттолбосо адилеттүү чечим болду деп эсептебейм. Ар бир отурум сайын аялым экөөбүз анын жаңы мыкаачылык аракеттери жөнүндө угуп жаттык. Ооруканада жатып, сотторго катышпасак да анын баарын уктук. Бүгүн жасаган кылмышына жараша жаза алат деп үмүттөнөм», – деди Нукенов журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып.

Аялы Салтанат Нукенованы мыкаачылык менен өлтүрүүгө айыпталып жаткан Казакстандын мурдагы экономика министри Куандык Бишимбаевдин иши боюнча сот аяктап калды. Бүгүнкү отурумда судья жана сот арачылары кеңешүү бөлмөсүнө кирип кетишти.

Бишимбаев «Өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүү» беренеси боюнча 20 жылга чейин же өмүр бою эркинен ажыратылышы мүмкүн. Адвокаттар экс-министрдин аялын өлтүрүү ниети болбогонун билдирип, ал «Этиятсыздыктан улам адам өлтүрүү» беренеси менен соттолушу керектигин белгилеп жатышат.

Бишимбаевдин соту 11-мартта башталган. Прокурор белгилегендей, мурдагы министр былтыр ноябрда аялын бир нече саат тынымсыз сабаган. 31 жаштагы Салтанат Нукенова алган жараатынан эсине келбей көз жумган.

30-ноябрда ачылган кылмыш иши «Адам өлтүрүү» беренесинен «Өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүү» беренесине өзгөртүлгөн.

Куандык Бишимбаев мурдагы президент Нурсултан Назарбаевдин тушунда Экономика министрлигин жетектеген. 2018-жылы коррупцияга айыпталып, 10 жылга камалган. Ага Кызылорда айнек заводунун курулушуна бөлүнгөн бир миллиард теңгени кымырып алган деген айып тагылып, 2019-жылы мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыккан.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты