Салижан Жигитовдун кызы Салима акыркы сапарга узатылды

  • 1 week мурун

Бүгүн, 12-мартта, Бишкек шаарында кыргыздын кыйын юристи Салима Жигитова акыркы сапарга узатылды.

Салима Жигитова 52 жашта, кыргыздын кыйын юрист кыздарынын бири болчу. Ал кыргыздын көрүнүктүү адабиятчысы, сынчысы, ойчул, публицист, сатирик, акын жана коомдук ишмери Салижан Жигитовдун кызы. Атасы Салижан Жигитовдун көзү өткөндөгөн кийин анын бир канча томдугун жыйнап жана жыйнак кылып жарыкка чыгарууга чоң максат коюп, аракет көрүп жүргөн.

Ал кыйын юристтигинен тышкары кыргыз адабий чөйрүсү менен жакшы тааныш, көп окуган, көптү билген кыз эле. Атасынын жоруктарын, юмор, сатирасын айтып, атасын дал өзүндөй туурап, элди күлдүрүп, “Салижан Жигитовду сагынсаңар, мага келгиле” деп турар эле.

Жабышкан дарт Салиманы да алып кетти. Ал кечээ, 11-мартта, мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Кийинки учурда ал гемодиализ борборунда дарыланып жүргөн.

Баш сүрөт: Sputnik/Табылды Кадырбеков

Сүрөттөр: Үй-бүлөлүк альбомдон жана “ПолитКлиника” медиасы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты