Саламаттык сактоо министрлиги жаш адистерди «Дарыгердин депозити» программасына катышууга чакырат

  • 11 месяцев мурун

Саламаттык сактоо министрлиги 35 жашка чейинки алыскы райондордо, чакан шаарларда жана айыл жергесинде жайгашкан мамлекеттик саламаттык сактоо мекемелеринде эмгектенген жана ординатураны жаңы аяктап, аймактарга барып иштөөнү максат кылган дарыгерлерди «Дарыгердин депозити» программасына катышууга чакырат.

Бул программа алыскы аймактарда жашаган калкка медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу жана ошол аймактарда эмгектенген жаш дарыгерлерди материалдык жактан колдоо максатын көздөйт.

Саламаттык сактоо министрлиги жаш дарыгерлерге квартал сайын стимул катары берилүүчү төлөмдүн суммасы 66 000 сомду түзөрүн эскертти.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты