Саламаттык сактоо министрлиги 78 жеке клиниканын ишин убактылуу токтотту
- 12 месяцев мурун
Саламаттык сактоо министрлиги 78 жеке клиниканын ишин убактылуу токтотту. Бул тууралуу министрлик билдирди.
Маалыматта белгиленгендей, жалпысынан 117ден ашуун жеке медициналык уюм текшерүүгө алынып, алардын ичинен 37си (31,6%) лицензиясы жок иштеп жатканы аныкталды. Калган 80 уюмдун (68,4%) лицензиясы болгону менен, алардын көбүндө лицензиялык талаптардын бузулушу катталган.
Аныкталган бардык мыйзам бузуулар боюнча административдик чаралар колдонулду. Салынган айып пулдардын жалпы суммасы 4,5 миллион сомдон ашты.
Мындан тышкары, 78 медициналык уюмдун иши убактылуу токтотулду. Лицензиясы жок мыйзамсыз медициналык ишмердик жүргүзгөн 37 учур боюнча материалдар укук коргоо органдарына өткөрүлүп, мыйзам чегинде тийиштүү баа берүү жана чара көрүү үчүн жөнөтүлдү.
Министрлик текшерүүдөн кийин эң көп кездешкен мыйзам бузуулар булар болгонун белгиеди:
-Лицензиясы жок же лицензияда каралбаган багыттар боюнча кызмат көрсөтүү;
-Медициналык кызматкерлердин сертификаты, аккредитациясы же тиешелүү адистигинин жоктугу;
-Медициналык билими жок адамдарды жумушка тартуу;
анитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузуу, антисанитардык шарттар;
-Медициналык шаймандарды стерилизация кылбоо;
-Дары-дармектерди туура эмес сактоо жана колдонуу, анын ичинде өзгөчө көзөмөлдөгү препараттар;
-Оорунун негизделбеген диагноздору жана медициналык процедураларды жөнсүз дайындоо.
Министрлик жарандарды жана өлкө конокторун мыйзамдуу лицензиясы бар медициналык мекемелерге гана кайрылууга чакырат. Мекеменин лицензиясы бар же жогу, ошондой эле кандай кызматтарды көрсөтүүгө укуктуу экендиги тууралуу маалыматты бул шилтеме аркылуу https://med.kg/lisenzirovanie Саламаттык сактоо министрлигинин расмий сайтындагы «Медициналык жана фармацевтикалык кызматтарды лицензиялоо» бөлүмүнөн алуу мүмкүн.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




