Сагыналы Субаналиев дүйнөдөн кайтты

  • 1 год мурун

4-ноябрда 74 жаш курагында Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Сагыналы Субаналиев дүйнөдөн кайтты.

Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Субаналиев Сагыналы 1948–жылы Аксы районунун Афлатун айылында туулган. Музыка изилдөөчү, искусство таануу илимдеринин кандидаты (1983), профессор.

Өмүрүнүн аягына чейин эмгегин искусствону өнүктүрүүгө жумшап, акыркы жылдары Кыргыз Улуттук илимдер академиясында эмгектенген.

“Кыргыздын элдик музыкалык аспаптары” аттуу монографиясы (1986), “Кыргыздын салттуу аспаптык музыкасы жана аспаптары» аттуу окуу куралы (2003), “Чоорлор” методикалык куралы жана башка китептери кыргыз, орус тилдеринде жарык көргөн.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты