Садыр Жапаровдун Монголия президенти Ухнаагийн Хурэлсух менен расмий жолугушуу аземи болду

Бүгүн, 9-июлда, Улан-Батор шаарында Президент Садыр Жапаровдун Монголиянын Президенти Ухнаагийн Хурэлсух менен расмий жолугушуу аземи болуп өттү.

«Сухэ-Батор» аянтындагы мамлекеттик сарайда Президент Садыр Жапаровду жана анын жубайы Айгүл Жапарованы Монголиянын Президенти Ухнаагийн Хурэлсух жубайы Лувсандоржийн Болорцэцэг менен тосуп алды.

Аянтта Кыргызстандын жана Монголиянын мамлекеттик желектери желбиреп, Монгол империясынын биринчи Улуу ханынын жеке гвардиясынын кийимине стилдештирилген параддык формадагы атчандардын отряды тизилип турду.

Ардактуу кароолдун ротасынын командиринин саламдашуу рапортунан кийин Кыргызстандын жана Монголиянын мамлекеттик гимндери жаңырды.

Өлкө лидерлери Кыргызстандын жана Монголиянын расмий делегацияларынын мүчөлөрүн тааныштырып өттү, ошондой эле Монголияда орун алган дипломатиялык корпус менен учурашты.

Андан соң мамлекет башчылары жубайлары менен бирге Чыңгызхандын эстелигине таазим кылууга бет алышты.

Расмий жолугушуу аземи аяктагандан кийин өлкө лидерлери жубайлары менен эки тараптуу жолугушуу залына өтүштү.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты