Садыр Жапаров жана Ухнаагийн Хурэлсух «Мейкин Азия» музыкалык фестивалына барышты

  • 12 месяцев мурун

Президент Садыр Жапаров жана Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух анын өлкөгө болгон мамлекеттик сапарынын алкагында 22-июлда Ысык-Көлдүн жээгинде өткөн «Мейкин Азия» эл аралык музыкалык фестивалынын концерттик программасын көрүштү.

“Мейкин Азия» популярдуу музыка аткаруучуларынын эл аралык фестивалы — бул жаш таланттарды колдоо жана өнүктүрүү максатында уюштурулган эл аралык музыкалык фестиваль. Ал Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан 2013-жылдан бери өткөрүлүп келет.

Белгилүү болгондой, фестиваль Кыргызстанда гана өткөрүлөт.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты