Кыргызстандын спортчулары Японияда өтө турган XX Азия оюндарына барды
- 4 недели мурун
Бүгүн, 17-сентябрда, Япониянын Нагоя шаарындагы Nagoya Port Garden Pier аймагында XX Азия оюндарына катыша турган делегацияларды расмий тосуп алуу аземи өттү.
Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.
Иш-чара «Aichi-Nagoya 2026» Азия оюндарынын алкагында уюштурулуп, анда өлкөлөрдүн мамлекеттик желегин көтөрүү аземи болуп өттү.
Кыргызстандын делегациясы расмий тааныштырылып, өлкөнүн мамлекеттик желеги көтөрүлдү.
XX Азия оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземи 19-сентябрда Япониянын Айти-Нагоя аймагында өтөт.
Сүрөт: Дене тарбия жана спорт агенттиги
Муну бөлүшүү




