Садыр Жапаров бир мандаттуу округдар боюнча талапкер Равшан Жээнбековго добуш берген. Фактчек

Президент Садыр Жапаров 28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоодо бир мандаттуу округдар боюнча №26 Ленин шайлоо округунан талапкер Равшан Жээнбековго добуш берди.

Мындай билдирүүнү Eurasianet интернет-басылмасынын Борбор Азиядагы редактору Питер Леонард “Твиттердеги” баракчасына жазды.

Ал билдирүүсүндө президенттин добуш берип жаткан учурда тартылган сүрөтүн тиркеп, сүрөттө Жапаров кармап турган бюллетенге көңүл бурган.

“Бул басма сөзгө атайылап ачыкка чыгарылган болушу мүмкүн (болбошу дагы мүмкүн). Президент Садыр Жапаров өзүнүн округу боюнча 2019-жылдын августундагы башаламандыктарга айыпталып жаткан Равшан Жээнбековго добуш берди”, — деп жазган Леонард. 

“ПолитКлиника” медиасы бул маалыматтын аныктыгын текшерип көрдү. 

№26 Ленин шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына жалпы 11 талапкер ат салышкан. Алардын арасында мурдагы депутат, 2019-жылдагы Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып жаткан Равшан Жээнбеков дагы бар. Ал талапкерлердин бюллетендеги тизмесинде биринчи катарда орун алган. 

Садыр Жапаров бир мандаттуу округдар боюнча талапкер Равшан Жээнбековго добуш берген. Фактчек

Ал эми Садыр Жапаров өзүнүн жарандык милдетин Ленин районунун аймагында жайгашкан №1053 шайлоо тилкесинен аткарды. 

Жаңы шайлоо мыйзамына ылайык, быйылкы парламенттик шайлоодо шайлоочуларга экиден бюллетень берилди. Анын биринде шайлоочу партияны жана анын ичинен өзү татыктуу деп эсептеген талапкерди тандашы керек эле. Ал эми экинчи бюллетенде бир мандаттуу округдар боюнча шайлоочу катталган округдан талапкерлигин коюп жаткан бир адамга добуш бериши керек.

Жогоруда жарыяланган сүрөттө Жапаровдун колуна эки бюллетень кармап турганын көрүүгө болот. Алдыңкы бюллетенди автоматтык эсептөөчү урнага салып жаткан учурда үстүңкү бюллетендеги маалыматтар сүрөттө так көрүнүп калган. Андан биринчи катарда турган талапкердин аты-жөнүнүн тушуна добуш берүү белгиси коюлганын көрүүгө болот.

Садыр Жапаров бир мандаттуу округдар боюнча талапкер Равшан Жээнбековго добуш берген. Фактчек

Муну жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланган видеолордон дагы байкаса болот.

Садыр Жапаров бир мандаттуу округдар боюнча талапкер Равшан Жээнбековго добуш берген. Фактчек

Жыйынтык: Президент Садыр Жапаровдун бир мандаттуу округдар боюнча талапкер Равшан Жээнбековго добуш бергени чын. 

Равшан Жээнбеков 2019-жылы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы учурундагы башаламандык окуялар үчүн айыпталууда. Ал бул айып менен №1 тергөө абагында бир жылга жакын отурган. 2020-жылы күздөгү бийлик алмашуудан кийин үй камагына чыгарылган. 2021-жылдын август айында кайрадан камакка алынды. Саясатчы өзүнө карата ачылган кылмыш ишин саясий куугунтук деп келет. 

Жээнбеков парламенттик шайлоого катышуу укугун алганы менен, сот анын үгүт жүргүзүү үчүн баш коргоо чарасын өзгөртүү өтүнүчүн аткарган жок. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты