Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо добуш берди

  • 2 года мурун

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Бишкек шаарынын Ленин районундагы №1053 шайлоо тилкесинде добуш берди. Ал добуш бергенден кийинки кыска билдирүүсүндө элди активдүү добуш берүүгө чакырды.

“Ар бир берген добушуңуздардан Кыргызстандын, анын ичинде өзүңүздөрдүн жана балдарыңыздардын келечеги аныкталат. Ошол үчүн дагы бир жолу сиздерден шайлоого активдүү катышып бериңиздер деп суранам”.

Ал добуш берүүгө жубайы Айгүл Жапаров менен чогуу келди.

Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо добуш берди

Бүгүн, 28-ноябрда өтүп жаткан парламенттик шайлоодо 21 партиядан 1004 талапкер ат салышууда. Алардын 54тү депутат болуп келет. Ал эми бир мандаттуу округдардан катышып жаткан 282 талапкердин 36сына мандат берилет. Жалпысынан Жогорку Кеңешке 90 депутат шайланат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты