Садыр Жапаров Жумгал районунун тургундары менен жолугушту
- 4 месяца мурун
Садыр Жапаров бүгүн, 23-июнда, Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Жумгал районунун активи жана тургундары менен жолугушту.
Президент бүгүнкү күндө Жумгал районунун аймагында курулуш, жол, ирригация жана таза суу тармактарында 2 млрд 833 млн сомдук жумуштар жүрүп жатканын баса белгиледи.
Курулуш тармагында эле учурда 4 курулуш объектиси салынууда жана 14 социалдык объекти боюнча долбоордук-сметалык иш кагаздары даярдалып, жакынкы мезгилде курулуш иштери башталары күтүлүүдө.
Соңку беш жылда мектеп, бала бакча, ФАП жана башка 15 социалдык объект пайдаланууга берилди.
“Райондун аймагындагы эл аралык маанидеги Түндүк-Түштүк альтернативдүү автожолунун 143 чакырымына асфальт басылса, акыркы 5 жылда курулуп жаткан бул жолдон үнөмдөлгөн акча каражатынын эсебинен жана республикалык бюджеттен жалпы 35 чакырым ички жолго асфальт төшөлдү” деди Садыр Жапаров.
Ал учурда анын демилгеси менен мамлекеттик маанидеги Сары-Булуң –Миң-Куш автожолунун 22 чакырымына асфальт төшөө иштери жүрүп жатканын кошумчалады.
Район тургундарын таза суу менен камсыз кылуу максатында АРИСтин Айылды суу менен камсыз кылуу жана санитарияны өнүктүрүү программасынын алкагында район аймагындагы 7 айылдын таза суу системасын реабилитациялоо жумуштары 595 млн 600 миң сомго жүргүзүлүүдө.
Мындан тышкары 3 айылга таза суу тартуу боюнча тендер жарыяланып, жеңүүчүсү аныкталып, келишим түзүлдү. 8 айылдын таза суу системасын куруу боюнча иш кагаздары даярдалууда.
Райондун аймагында жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүү максатында Жумгал районунун өнүктүрүү фондуна 2021-жылдан тартып 247 млн сом түшүп, социалдык-экономикалык жана инфратүзүмдүк багыттагы 84 долбоор каржыланды” деп белгиледи президент.
Жумгал районунун жаңы түзүлгөн алты айыл өкмөтүнө 10 млн сомдон акча каражаты бөлүндү. Жалпы 60 млн сомго атайын техникалар сатылып берилди.
Президент ирригацияны өнүктүрүү маселелерине токтолуп, Жумгал районунда соңку беш жылда сугат тармагында жалпы суммасы 1 млрд 18 млн 599 миң сомго жакын иштер аткарылганын айтты.
Ал Жумгал району боюнча 2020-жылдан тартып 7 мектеп жана 2 бала бакча курулуп, ошондой эле 445 мугалим ноутбук менен камсыздалганын кошумчалады.
“Алдыда сиздердин райондун өнүктүрүү багытында дагы бир катар иштерди жасоону мерчемдеп жатабыз. Чаек айылынын борбордук көчөсүнүн 7- чакырымына толук курулуш иштери жүргүзүлүп, 4 тилкелүү асфальт басылат.
Ошондой эле райондо Калкты тейлөө борборунун жаңы имаратынын курулушу башталды. Мындан сырткары, мрезиденттик фонддон 30 млн сом акча каражатына атайын техникаларды алып берип жатабыз”, — деп жыйынтыктады Садыр Жапаров.
Жолугушуу суроо-жооп форматында уланды.
Сүрөт: president.kg




