Садыр Жапаров былтыр өткөн маалымат жыйынындагы суроолордун баары ушактардын деңгээлинен көтөрүлө албай койгонун айтты. Текшеребиз

Президент Садыр Жапаров Кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агенттигине маек курду. Мамлекет башчысына Кумтөр кенинин айланасындагы акыркы окуялар, Элдик курултай өткөрүү боюнча суроолор берилди. Маек учурунда президент былтыр өткөргөн маалымат жыйынында берилген суроолордун баары ушактардын деңгээлинен көтөрүлө албай койгонун билдирди. 

Садыр Жапаров былтыр өткөн маалымат жыйынындагы суроолордун баары ушактардын деңгээлинен көтөрүлө албай койгонун айтты. Текшеребиз

“Үч саат ушактарга жооп берип олтурдум”

Президент маалымат жыйында үч саат жөн эле ушактарга жооп берип олтурганын айткан. Ошондон кийин ал Курултай чогултуп, кандай иштер аткарылгандыгы жөнүндө маалымат берели деп чечкенин билдирген. “30 жылдан бери эле президенттер өздөрүнө караштуу журналисттерди топтоп алып, жылдын жыйынтыгы боюнча маалымат жыйын өткөрүп коюп келе жатабыз. Былтыр мен дагы журналисттерди чогултуп, жылдын жыйынтыгы боюнча маалымат бердим. Бирок журналисттерди чектебедим, баары киришти. Бирок ошентсем дагы берилген суроолордун баары ушактардын деңгээлинен көтөрүлө албай койду. Экономикабыздын абалы кандай? Кантип көтөрсөк болот? Кайсы аймактарга жолдорду, кайсы аймактарга мектептерди, кайсы аймактарга завод-фабрикаларды салсак деген бир дагы демилге же сунуш жок. Үч саат жөн эле ушактарга жооп берип олтурдум. Интернет булактарынан кайталап көрүп чыксаңар болот. Анан ошондон кийин Баш мыйзамдын негизинде Курултай чогултуп, элдин алдында бир жылда кандай иштер аткарылгандыгы жөнүндө маалымат берели деп чечтим”, — дейт мамлекет башчы.

Садыр Жапаров былтыр өткөн маалымат жыйынындагы суроолордун баары ушактардын деңгээлинен көтөрүлө албай койгонун айтты. Текшеребиз

“ПолитКлиника” медиасы президенттин сөзүн текшерди.

Садыр Жапаровго 56 редакциянын өкүлү суроо берген 

Былтыр 23-октябрда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында президент Садыр Жапаровдун маалымат жыйыны өткөн. Президен журналисттердин суроолоруна жооп берердин алдында социалдык, экономикалык көрсөткүчтөр тууралуу айтып, баяндама жасаган. Андан соң суроолор берилип баштаган. Иш-чара 3 саат 45 мүнөткө чейин созулган. Анда модератор болгон президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Садыр Жапаров жалпы 56 редакциянын суроолоруна жооп бергенин айткан. 

Суроолордун баары ушактын деңгээлинде болгонбу?

Президенттин “берилген суроолордун баары ушактардын деңгээлинен көтөрүлө албай койду” деген сөзүнөн улам журналисттердин айрым суроолорун тизмектеп чыктык.

  • Баткендеги чек ара маселесин эмне үчүн ушул кезге чейин чечпей отурасыз? Мунун айынан биздин 36 мекендешибиз каза болду, дагы канчасы каза болуш керек? Президент катары эмдиги жылы андай окуя кайталанбайт деп кепилдик бере аласызбы? Бул суроого жооп берердин алдында Садыр Жапаров жакшы суроо бердиңиз деп сөзүн баштаган.
  • Этникалык кыргыздардын көйгөйлөрү качан чечилет? Чет өлкөдөгү кыргыз мектептери китеп жетпегендин айынан жабылып жатат. Биздин мамлекет кыргыз китептерин жеткирбей калды. 
  • Быйылкы жылы энергетикалык кризиске кабылбайбызбы? Кайсы өлкөдөн импорт келип жатат?
  • Сокулуктун Гавриловкага айылында мамлекетке тийиштүү мектеп жеке адамга өтүп кайра мамлекетке сатылып кеткен экен.Мамлекеттин мүлкүн кайра мамлекетке саткан мүмкүнбү?
  • Көмүрдүн баасынын көтөрүлүшү боюнча суроо берилди.
  • Ош шаарында жамгыр жааган учурда суу токтойт. Чоң иш-чаралар өткөндө, жөнөкөй эле үйүбүзгө конок чакырганда аба ырайы жакшы болсо экен дейбиз. Буга чейинки президенттердин учурунда бир катар долбоорлор иштеп жакшы натыйжа берген жко. Экинчи долбоорду үзгүлтүксүз таза суу менен камсыздоого мүмкүнчүлүк барбы?
  • Сиздин Тажикстанга болгон сапарыңыздын жыйынтыгы эмне болду? Чек арада мындан ары ок атылбайбы? 

Маалымат жыйында ушул сыяктуу бир канча суроолор берилген. 

Жыйынтык: Президент Садыр Жапаров Кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агенттигине маек куруп, былтыр өткөргөн маалымат жыйынында берилген суроолордун баары ушактардын деңгээлинен көтөрүлө албай койгонун айтты. Президенттин бул сөзү манипуляция. Суроолордун баары ушактын деңгээлинде болгон эмес. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты