Садыр Жапаров быйыл да басма сөз жыйынын өткөрбөйт

  • 5 месяцев мурун

Президент Садыр Жапаров быйыл да жалпыга маалымдоо каражаттарына басма сөз жыйынын өткөрбөйт.

Бул тууралуу “Азаттыкка” президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди. Ал жыл жыйынтыгын чыгарган жыйын мамлекет башчынын иш графигине байланыштуу өтпөй турганын айтты.

“Коомчулуктагы маселелер алдыда өтө турган курултайда көтөрүлөт. Ага жалпыга маалымдоо каражаттары да чакырылат да. Жылдын аягында Министрлер кабинетинин жалпы жыйыны болот” деди Алагөзов.

Садыр Жапаров 2022-жылы да жергиликтүү жана чет элдик журналисттер үчүн маалымат жыйынын өткөргөн эмес. Адатта Кыргызстанда президенттер жылдын аягында журналисттерге басма сөз жыйынын уюштуруп жана суроолорго жооп берет.

Садыр Жапаров 2020-жылдын 5-6-октябрындагы нааразылыктар учурунда абактан чыгып, алгач премьер-министрликке бекиген. Кийин президенттик милдетти да кошо аркалап, шайлоого байланыштуу аны кайра өткөрүп берген.

2021-жылдын 10-январындагы президенттик шайлоодо дээрлик 80% добуш менен утуп чыккан. 28-январда инаугурациясы өтүп, расмий ишке киришкен.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты