Садыр Жапаров: “Жеке мектептерди жапканым үчүн ээлеринен дагы кечирим сурайм”
- 1 месяц мурун
Президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине берген маегинде айдоочулук күбөлүк, жеке мектептердин жабылышы, бул жааттагы реформалар тууралуу айтып келип, жеке мектептердин ээлеринен кечирим сурады.
—Жеке мектептерди жапканым үчүн ээлеринен дагы кечирим сурайм. Мен мунун баарын жеке кызыкчылыгым үчүн жасап жаткан жокмун. Келечек — баарыбыздыкы, силердики дагы.
“Окуду” кылып справка берип, “өттү” кылып күбөлүк саткан кызматкердин жакын адамын ошол күбөлүк сатып алган айдоочу сүзүп өлтүрүп кеткен учурлар болду. Бул дагы болсо ошол күбөлүк саткан кызматкерге Кудайдын берген белгиси деп ойлойм. Ошондуктан башка бизнеске өткүлө.
Президент ошондой эле айдоочулукка он ай окутуу ойдон чыгарылган нерсе эмес экенин билдирди.
-Бул 10 айлык мөөнөт деле ойдон чыгарыла калган убакыт эмес. Дүйнөлүк стандарттардагы окуу программалары эске алынды. Дүйнөнүн көп эле өлкөлөрүндө 1 жылдан кем эмес окутушат экен. Биздин адистер окуу программаларды 10 айга ылайыкташты.
Мен деле айтып атам: «Эгер мүмкүн болсо окуу программаларды кысып, мисалы жумасына 3 жолу 2 сааттан эмес, 5 жолу 2 сааттан окутуу жагын карап көргүлө» деп. Тагыраагы, биринчи күндөн бешинчи күнгө чейин.
Эң жакшысы азыр онлайн окуса да болот. Мектепке барбастан үйдө олтуруп алып эле онлайн сабакка катышса болот. Ансыз деле баарыбыз суткалап интернетте олтурабыз.
Күнүгө 2 саат убактыбызды сабакка бөлүп койбойлубу? 10 ай тез эле өтөт. Эгер, кокус эле 5-6 айда эле окуучулар даяр болуп, экзаменден шыр өтүп кетип атышса, мына ошондо мөөнөтүн кыскартууну карап көрсөк болот. Бирок окуучу даяр болушу кыйын.
3,5 ай окуп экзаменден өтпөй жаткандардын саны 90 пайызга чыкты. Бул сан эми мындан ары дагы көбөйүшү мүмкүн. Анткени кечээ жакында жасалма интеллект системасын киргиздик. Робот экзамен ала баштады. Эми мындан ары адам фактору аралашпайт. Мурда 3 ай окуп экзаменден өтүп аткан 10 пайыздын арасында анча-мынча инструкторлор жардам берип өткөрүп жибергендер дагы болушу мүмкүн?
Ошондуктан сөзүмдүн аягында дагы бир жолу жалпы элге кайрылам: Окутуу программасында жол эрежелерин эле үйрөтүү эмес, айдоочулук этикага дагы окутуу бар. Сиздерге канчалык кыйын болсо дагы келечек үчүн кам көрүп жаткан иштерибизди колдоп бериңиздер, -дедт Садыр Жапаров
Ал эми реформанын жыйынтыгы 50-60 жылдан кийин билинерин да кошумчалады.
-Бул реформабыздын жыйынтыгы азыр дароо сезилбейт. 50-60 жылдан кийин жемишин берет. 30 жылдан бери күбөлүк сатып алган биздин муун кетип, азыркы 10 ай окуп аткандар жана сентябрдан баштап мектептерде окуган балдардын мууну калганда жыйынтыгы сезилет. 50-60 жыл талап кылынат. Азыр катуу эрежелерди киргизип реформа кылып алсак, бир калыпка түшкөн соң, статистика да өзгөрөт. Адам өлүмү азаят.
Ошондо коом өз баасын берет деп ойлойм. Ошондуктан коомчулукту бул өзгөрүүлөрдү колдоого, түшүнүү менен кабыл алууга чакырам,-деди президент Садыр Жапаров.
2026-жылдын 30-январынан 30-августуна чейин автомототранспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоо жана кайра даярдоо боюнча билим берүү ишин жөнгө салууну өркүндөтүү боюнча апробациялык режим киргизүү боюнча жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Апробациялык режим мезгилинде автомототранспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоо жана кайра даярдоо боюнча билим берүү ишин жүзөгө ашырууга жеке менчик билим берүү уюмдарына (автомектептерге) мурда берилген лицензиялар токтотулуп турат.
Апробациялык режим мезгилинде билим берүү иши мамлекеттик автомектептер тарабынан жүргүзүлөт. Жарлык 30-январдан тартып күчүнө кирет.
Сүрөт: president.kg




