Айдоочуларды даярдоо боюнча апробациялык режим киргизүү жарлыгына кол коюлду
- 1 месяц мурун
2026-жылдын 30-январынан 30-августуна чейин автомототранспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоо жана кайра даярдоо боюнча билим берүү ишин жөнгө салууну өркүндөтүү боюнча апробациялык режим киргизүү боюнча жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Бул тууралуу президенттин расмий сайтында маалымат жарыяланды.
Апробациялык режим мезгилинде автомототранспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоо жана кайра даярдоо боюнча билим берүү ишин жүзөгө ашырууга жеке менчик билим берүү уюмдарына (автомектептерге) мурда берилген лицензиялар токтотулуп турат.
Апробациялык режим мезгилинде билим берүү иши мамлекеттик автомектептер тарабынан жүргүзүлөт.
Жарлык 30-январдан тартып күчүнө кирет.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




