Садыр Жапаров «Жалал-Абад» эл аралык аэропортунун курулушуна капсула салды

  • 1 месяц мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 13-майда, Сузак районундагы «Жалал-Абад» эл аралык аэропортунун курулушуна капсула салуу аземине катышты.

Бул тууралуу президенттин сайтында маалымат берилди.

Маалыматта айтылгандай, мамлекет башчыга жаңы аэропорт 380 гектардан ашык аянтка жайгашаары маалымдалды. Эки кабаттуу жүргүнчү терминалынын аянты 10 миң чарчы метрди түзүп, өткөрүү жөндөмдүүлүгү саатына 350 жүргүнчүнү түзөт.

Аэродромдун инфратүзүмү эл аралык стандарттарга жооп берет: 3800 метрлик учуу-конуу тилкеси, эки рулеждик жолчо жана алты учак токтотуучу жай аэропортко жүргүнчүлөрдү да, жүктөрдү да кабыл алууга мүмкүндүк берет.

Жаңы аэропорт 4E категориясына кирет, бул Boeing 737, Airbus A320 жана A321 сыяктуу чоң учактарды кабыл алуу мүмкүнчүлүгүн ачат.

Мамлекет башчы Кыргызстан 2006-жылдан бери кирген Европа биримдигинин “кара тизмесинен” чыгуу боюнча үч жылдан бери ийгиликтүү иштеп жатканын жана буга чейин Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ИКАО) эки аудитинен өткөнүн баса белгиледи. Мамлекеттик жарандык авиация агенттиги ушул айда Брюсселге кошумча документтерди тапшырууну пландоодо.

«Өлкөдө 2021-жылдан бери жүргүнчүлөрдүн агымы 46%га, рейстердин саны 31%га өстү. Жаңы учактар алынып, мурда токтоп турган аймактык аэропорттор ишке киргизилди. Мындай жетишкендиктерибиздин арасында “Асман Эйрлайнс” авиакомпаниясынын ордун баса белгилеп, анын ички каттамдарды баарын калыбына келтирип, Талас, Каракол, Кербен сыяктуу шаарлар менен аба байланышын камсыз кылууга жетишкендигин айта кетейин» деди Жапаров.

Азыркы Жалал-Абад аэропорту 1938-жылы жайкы талаа катары ачылган. 1972-жылдан бери аэробекет имараты жана асфальтталган учуу-конуу тилкеси ачык. Быйыл бул жерде 80 миңден ашык жүргүнчүнү тейлөө күтүлүүдө. Бирок азыркы инфратүзүмү өсүп жаткан агымга туруштук бере албайт.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты