Садыр Жапаров Ысык-Көлдөгү «Жыргалаң» көмүр кенине байланыштуу комментарий берди

  • 9 месяцев мурун

Президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине берген кыскача маегинде 12 жылдан бери иштебей турган Жыргалаң көмүр кени ишке киргизилди деген сөздөргө байланыштуу суроого жооп берди.

Садыр Жапаров бул шахтанын тарыхына токтолуп, аны алгач агасы Сабыр Жапаровдуку болгонун билдирди:

— Бул шахта союз чачырагандан кийин багы ачылбай калган. 2009-жылы мамлекет шахтаны жеке менчикке сатабыз деп аукционго коет. Үч компания катышып, арасында чет өлкөлүк компаниялар дагы болгон. Жыйынтыгында бир компания утуп алат, ал компания менин бир тууган агам Сабыр Жапаровдуку эле. Утуп алгандан кийин өткөрүп алайын деп барса, Өкмөт алдап саткан экен. Аукционго коюп жатканда, 25 миллион сом карызы бар деп айтылат.

Чындыгында, 80 миллион сомго жакын карызы бар экен. Биринчи капиталын төлөп койгондон кийин артка жол жок болуп калгандыктан, айласы жок дагы эки жыл дегенде араң карыздарын жаап бүтөт. 2011-жылдан баштап толук кандуу иштете баштайт. Мен камалып чыгып, чет өлкөгө чыгып кеткенден кийин ошол мезгилдеги бийлик криминалдарды жиберип, 2014-жылы шахтаны криминалдар тартып алышат. Кесипкөй адамдар иштетпегенден кийин бир аз убакыт өтпөй, шахта токтойт, ортодо Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин эки кызматкери каза болот. Ошентип, шахтага суу толуп калат. Ошол бойдон ушул күнгө чейин суу басып жатат. Мен бийликке келгенде, бир тууган агам: “Шахтамды кайра алам” деп чыкты. Мен көнбөй койдум: “Бийликтин күчүнө салып кайра алышты деген сөз калат, кереги жок” деп койдум деди Садыр Жапаров.

Шахтаны азыр Марат аттуу бизнесмен иштетип жаткандыгын белгиледи.

-Мурдагы жылы мага бир бизнесмен келип, “мен алып иштетейин” деп сурады. “Эгер иштетип кетериңе көзүң жетсе, ала бер. Мамлекетке иштеп турганы пайда” дедим. Ошентип, азыр Марат деген бизнесмен иштете баштады. Эки жылдан бери даярдоо иштерин жүргүздү. Россия-Кыргыз фондунан 1 миллион 700 миң доллар кредит алып, ал акчанын чыпчыргасын коротпой, Россияга заводго которуп, конвейер системасын алып келди. Кытайдан өз акчасына көмүр казган комбайн жана башка керектүү техникаларды толук алып келди. Эми, Кудай буюрса, мындан ары Жыргалаң шахтасы бери дегенде 20 жыл токтоосуз иштеп кетет. Мурдагы көмүр чыгарган техникасы бир тонналык вагондор болчу, 1960-жылдары коюлган. Алардын ордуна жаңы, заманбап конвейерлер коюлду. Шахта өзүн-өзү актамак түгүл, эбегейсиз зор киреше берет деп ишенем.

Эми “суу басып жатат” деген сөздөргө келели. Ооба, баягы суу баскан ооз жагын суу басып эле турат. Азыр башка жагынан – эки жерден туннель менен кирип көмүр алып жатышат. Суу баскан жактагы көмүрдү дагы алышат. Ал жакка жаңы туннель менен кирип бара жатышат. Кыскасы, шахтада канча көмүр болгон болсо, баары казылып алынат. Азыр лицензия бир эле адамдын колунда. Мурдагыдай башаламан эмес.

Кудай буюрса, Ысык-Көлдөгү калкыбыздын жарымын мындан ары көмүр менен камсыз кылганга жетишет деп үмүт артып олтурам, -деди президент.

Ошондой эле Садыр Жапаров айрым жарандарга кайрылып кетти:

-Эми ушул учурдан пайдаланып, жалган деп жаткан бир ууч жарандарыбызга кайрылып кетейин. Өзүңөр өлкөнүн өсүшүнө пайда келтирбесеңер дагы, зыяныңарды тийгизбей тургулачы, сураныч. Өлкөбүздө ушундай жакшы иштер жасалып жатканда, тескерисинче, сүйүнүп, колдоп-коштоп ийгилик каалап турсаңар жакшы эмеспи, деди президент Садыр Жапаров.

Ысык-Көл облусунун мурдагы губернатору Эмилбек Каптагаев буга чейин Фейсбуктагы жеке баракчасында Министрлер кабинетинин Жыргалаң кенинин ишке киргизилиши боюнча тараткан маалыматын төгүндөдү. Ал маалыматты жалган деп, ачылды делген кен Жыргалаң кени эмес экенин жазды.

-Ири-ири иштер аткарылып жатканда ушундай майда-барат жалган айтылган маалымат элди иренжитип, ишеничти кетирет го дейм. Ишке кирди деп айтылып жаткан кичи-шахта Бакыт Дөргөев ачкан «Дөргө-көмүр» ишканасы, алына жараша иштеп эле келе жаткан, чамасы чакан эле шахта. Ал жерде көп эле болгом. Ал эми айтылуу «Жыргалаң көмүр шахтасы» иштебей калган, ичине суу толуп ошол бойдон турат азыр деле. «12 жыл иштебей калган шахта кайра иштеди» дегенди уккан Аксуу, Жыргалаңдыктар эмне дешет болду экен? Журналисттер маалыматты да тактап, ашыра чаппай, апыртып жибербей бергени туура болот го дейм, -деген Эмилбек Каптагаев.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ысык-Көл облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Жыргалаң көмүр кенинин иши менен таанышкан. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдаган. Анда Жыргалаң кени 12 жылдан ашуун убакыттан бери иштебей турганы белгиленген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты