Каптагаев: «Жыргалаң кенинин ачылышы боюнча маалымат жалган»

  • 9 месяцев мурун

Ысык-Көл облусунун мурдагы губернатору Эмилбек Каптагаев Фейсбуктагы жеке баракчасында Министрлер кабинетинин Жыргалаң кенинин ишке киргизилиши боюнча тараткан маалыматын төгүндөдү. Ал маалыматты жалган деп, ачылды делген кен Жыргалаң кени эмес экенин жазды.

Каптагаев: "Жыргалаң кенинин ачылышы боюнча маалымат жалган"

«ПолитКлиника» медиасы Эмилбек Каптагаевдин өзү менен байланышканда ал видеодо көрсөтүлгөн шахта «Дөргө-көмүр» ишканасыныкы экенин, ал жерге буга чейин баргандыгын айтты. Анын айтымында, аталган ишкана бир нече жыл иштеп келген. Ал эми «12 жылдан бери иштебей турган» делген Жыргалаң кени бүгүнкү күнгө чейин иштебей турат.

Каптагаевдин сөзүн «Дөргө-көмүр» ишканасынын негиздөөчүсүнүн уулу Кайрат Дөргөев «ПолитКлиникага» тастыктады.

Анын айтымында, видеодогу көмүр чыгып жатканы көрсөтүлгөн жер «Дөргө-көмүр» ишканасы. Ишкана 2018-2019-жылдары лицензия маселесинен жана жерге болгон салык убагында төлөнбөгөндүктөн ишин токтоткон.

Эске салсак, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ысык-Көл облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Жыргалаң көмүр кенинин иши менен таанышкан. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдаган. Анда Жыргалаң кени 12 жылдан ашуун убакыттан бери иштебей турганы белгиленген.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты