Садыр Жапаров Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү
- 11 месяцев мурун
Бүгүн, 18-августта, президент Садыр Жапаров Россиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин расмий сайтында маалымдалды.
Маалыматта айтылгандай, телефон аркылуу сүйлөшүүдө тараптар Россиянын президенти Владимир Путиндин АКШнын президенти Дональд Трамп менен Аляскада өткөн сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы боюнча пикир алмашты.
Садыр Жапаров россиялык-америкалык саммит ишенимди бекемдөөгө жана глобалдык чыңалууну басаңдатууга карай маанилүү кадам болгонун белгиледи.
Ал ошондой эле кыргыз тарап Россия менен Америка Кошмо Штаттарынын ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн жетишилген деңгээли украиналык кризисти тынчтык жолу менен жөнгө салуу үчүн кошумча шарттарды түзөрүнө ишенээрин белгиледи.
Соңунда тараптар эл аралык жана аймактык күн тартибиндеги маанилүү маселелер боюнча пикир алмашуунун маанилүү экендигин белгилешти.
Алясканын Элмендорф-Ричардсон аттуу аскер базасында 15-августта АКШнын президенти Дональд Трамп менен Россиянын президенти Владимир Путиндин жолугушуусу өттү.
Владимир Путин журналисттерге Трамптын меймандостугуна ыраазылык айтып, Украинадагы жаңжалдын баштапкы себебин жоюу керектигин билдирди. Эгерде Дональд Трамп 2022-жылы президент болгондо, согуш башталмак эместигин кошумчалады.
Дональд Трамп азырынча эч кандай келишим кабыл алынбаганын, бирок бир кыйла жылыштар бар экенин, Путин согуштун аякташын каалай турганын билдирди.
Сүрөт: president.kg




