Аляскада Путин менен Трамп жолугушту
- 3 месяца мурун
Алясканын Элмендорф-Ричардсон аттуу аскер базасында 15-августта АКШнын президенти Дональд Трамп менен Россиянын президенти Владимир Путиндин жолугушуусу өттү.
Жолугушуу эки жарым сааттан ашык созулду. Алгач эки өлкөнүн президенттери өздөрү гана (котормочулар менен) жолугушаары божомолдонуп жаткан. Ал эми жолугушуу башталаар алдында эки мамлекеттин тышкы иштер министрлери Марко Рубио менен Сергей Лавров, ошондой эле АКШнын президентинин атайын өкүлү Стивен Уиткофф жана Россиянын президентинин жардамчысы Юрий Ушаков да катышаары да белгилүү болду.
Маалыматтарга караганда, жолугушууда олуттуу келишимге жетишүүгө мүмкүн болгон эмес.
Сүйлөшүүлөрдөн кийин Путин менен Трамп журналисттерге чыгып, кыскача билдирүү жасашты.
Владимир Путин журналисттерге Трамптын меймандостугуна ыраазылык айтып, Украинадагы жаңжалдын баштапкы себебин жоюу керектигин билдирди. Эгерде Дональд Трамп 2022-жылы президент болгондо, согуш башталмак эместигин кошумчалады.
Дональд Трамп азырынча эч кандай келишим кабыл алынбаганын, бирок бир кыйла жылыштар бар экенин, Путин согуштун аякташын каалай турганын билдирди.
Сүрөт: Reuters




